Марал Радиосу

Бишкектеги турак-жайлардын дээрлик жарымына жылуулук берилди

Бишкек шаарындагы турак-жайлардын дээрлик жарымына жылуулук берилди. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук түйүнү” ишканасы билдирди.

Алсак, 1113 үй, 11 оорукана, 28 бала бакча, 21 мектепке жылуулук менен камсыз болушту.

Ал эми жылуулук жана ысык сууга карызы бар абоненттерге карызын төлөгөндөн кийин жылуулук берилет.