Марал Радиосу

Быйыл өлкөдө 121 ишкана ачылды

Үстүбүздөгү жылы өлкөдө 121 ишкана ачылды. Бул тууралуу “Салют” кыргыз-кытай ишканасынын ачылышында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Алсак, Чүй облусу боюнча – 19, Нарын облусу боюнча – 17, Ысык-Көлдө – 21, Жалал-Абад аймагында – 20, Ош облусунда – 25, Баткен облусунда – 15 жана Талас облусунда 2 ишкана ишке киргизилди. Мындан тышкары, 150 социалдык объект – мектеп, оорукана жана спорттук залдар ишке берилди.

Муну менен катар 2018-жылдын планына 143,4 км жолду асфальттоо, ремонттоо иштери киргизилген. Мындан тышкары кошумча 111,6 км жол республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча киргизилди. Учурда 171,8 чакырым жолдогу иштер жыйынтыкталды.