Марал Радиосу

Чүй жана Бишкек шаарында имамдар окутула баштады

Чүй жана Бишкек шаарында имамдар окутула баштады. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Окутууда Ислам тынчтыктын дини жана экстремизм менен терроризмге каршы экендиги тууралуу, мусулмандын сыпаты, мекенди сүйүү, үй-бүлөнү чыңдоо, ысырапкерчилик, маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери боюнча маалыматтар берилет.