Марал Радиосу

Өкмөт: Экспортчуларга жеңилдетилген насыялар берилет

Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы соода жүгүртүү 9,5 пайызга, анын ичинде импорт – 15 пайыз өскөн. Экспорттун өсүүсү алтынды эске албаганда – 8,4 пайызды түздү. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт – 19 млн доллар көбөйүп, 387,5 млн долларга жетти.

Мындай маалыматты Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Мындан тышкары, атамекендик продукциянын экспорттук потенциалын өстүрүү максатында 2019-2022-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү программасынын долбоору бекитилери айтылды. Анын негизинде 2023-жылга чейин экспорттун көлөмү 2 эсеге көбөйүүсү күтүлүүдө.

Муну менен катар, экспортко багытталган ишканаларды каржылоо долбоорун ишке киргизүү пландалууда, анын алкагында ишкерлерге 3-5 жылдык мөөнөттө 8-10 пайыз менен 1 млрд сомдон жогору суммага жеңилдетилген насыялар сунушталат.

Exit mobile version