«Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев “Баатыр эне” наамын алууну жеңилдетүүнү сунуштады. Бул боюнча ал бүгүн, 18-октябрда парламент жыйынында айтып чыкты.
Депутат эгерде эненин баласы соттолгон болсо, “Баатыр эне” наамын ала албай келерин айтып, 7 баланы төрөгөн аялдардын тагдыры кандай болгонуна карабастан наамды алууга тийиштигин белгиледи.