Марал Радиосу

Крымда үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Крымдын Керч шаарында болгон ок атуу жана жарылуудан каза болгон адамдардын саны жыйырмага жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерден дагы бир адамдын жансыз денеси табылган. Буга чейин ок атуу жана жардыруу уюштурган адам менен кошуп 19 адам каза болгондугу айтылган.

17-октябрда Керч шаарындагы политехникалык коллеждин имаратында жарылуу жана ок атуу болгон. Бул окуя Кылмыш кодексинин “теракт” эмес, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча иликтенип жатат.

Крым жарым аралында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.