Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Жаңы конуштарда газ түтүктөрүн куруу 95% аткарылды

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2018 | 1424 | 2

Бишкек шаары жана Чүй облусундагы жаңы конуштарга газ түтүктөрүн куруу боюнча пландын 95 пайызы аткарылды. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул жылдын эсебинен 12 миң түтүндү камтыган газ түтүгү курулган. Жыл соңуна чейин 283 чакырымды түзгөн газ түтүгү курулат.

-Быйылкы жылдын эсебинин Кант, Токмок шаарларында жана Сокулук, Шопоков аймактарында, ошондой эле Кара-Жыгач, Арча-Бешик, Ак-Ордо жаңы конуштарында жасалып жаткан жумуштар аягына чыгып жатат. Биздин компания 3 жылда бир топ тажрыйба топтоп калды. Фирмалар жумушту кандай алып баруу керектигин өздөштүрүп, газ түтүктөрүн өз убагында куруп жатышат.

Ал мындан тышкары, Ала-Тоо жаңы конушунда 1600дөн ашуун үй жаратылыш газына тутушууга мүмкүнчүлүк алгандыгын айтты.

-Газ түтүктөрүн курууда бир нече этап бар. Түтүк орнотулган соң текшерүүдөн өтүшү керек. Ага кеминде 20 күндөй убакыт кетет. Жол маселеси боюнча тургундарга ыңгайсыздык жаратпоого аракет кылып жатабыз. Түтүктөр орнотулган сон жолдордун кайра калыбына келтирилгенин так көзөмөлдөп турабыз.

Маалым болгондой, газ түтүктөрүн орноштуруунун өзүнчө талаптары бар. Алар бир нече жылдык сыноодон өткөн соң жазылган.

2 пикир

2 пикир

  1. Абыл

    19.10.2018 09:25

    Ак-Жар конушуга качан газ тартылат экен? Билип берсенер. 2018ж планда бар бекен.

    • Айжамал Худайбердиева

      Айжамал Худайбердиева

      25.10.2018 17:22

      Саламатсызбы? Ак-Жар конушу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын аймактарды газдаштыруу боюнча планына кирген эмес. Тургундар айыл өкмөтү менен байланышып конушка газ киргизүү боюнча райондук башкармалыкка арыз жазышы керек. Ал үчүн Ак-Жарда жашагандардын 50%ы газ тартып келүүгө макулдугун берүүсү зарыл.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM