Марал Радиосу

Мусакожоев: Кышында газ берүү үзгүлтүккө учурабайт

«Газпром Кыргызстан» компаниясы кышка толук даяр. Бул тууралуу аталган мекеменин бөлүм башчысы Мелисбек Мусакожоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кышында газ берүү үзгүлтүккө учурабайт. Түтүктөр белгиленген графиктен эрте курулуп жатат. Газ куурларында авариялык кырдаал жаралбайт.

-Быйыл күз-кыш мезгилдерине даярдануунун алкагында биздин мекеме тарабынан пландалган 75 иш-чаранын 70и толук аткарылып бүттү. Ташкент-Бишкек-Алмата магистралдык газ түтүгүнүн Кара-Буура аймагы аркылуу өткөн бөлүгүндө жүргүзүлгөн диагностикалык иштердин жыйтынтыгында, бир нече оңдоп-түзөө иштери аткарылды.

Маалым болгондой, компаниянын инвестициялык программасын ишке ашыруу максатында жалпы узундугу 18 чакырымды түзгөн жаңы газ түтүк тармагы жана Бишкек газ бөлүштүрүүчү станциясы курулган.

Ошондой эле Арча-Бешик конушунда газдаштыруу иштери аягына чыккан. Ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин аталган аймактын чет жактарына да газ берилет.