Марал Радиосу

Чүйдө сууга чөккөн кишинин сөөгү табыла элек

Чүй облусунун Жайыл районунун Степное айылындагы көлмөгө 40 жаштагы Т. И. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Билдирүү 17-октябрда болжол менен саат 11:17лер чамасында түшүп, жерине 9 куткаруучу барган. Алар сууга чөккөн адамды издеп, бирок табышкан эмес. Издөө иштери бүгүн да уланат.