Марал Радиосу

Медресе студенттерине экстремизм жана терроризм боюнча маалымат берилди

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы 17-октябрда экстремизм жана жана терроризмди алдын алуу боюнча иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Арашан айылындагы “Арашан” жана “Абдулла бин Аббас”, Кой-Таш айылындагы “Аль Фарух” мечиттериндеги 200дөн ашуун окуучулар менен жолугушуу болду. Иш-чаранын алкагында экстремизм жана терроризмдин себептери жана ага каршы туруу боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле, экстремизм жагдайларында кандай иш-аракет көрүү тууралуу маалымат берилди. Жаштар арасында бул маселе курч болуп жатканына да токтолду.

Кошумчалай кетсек, бул сыяктуу экстремизм жана терроризмди алдын алуу иш-чаралары Чүй облусунун бардык аймактарында жүргүзүлөт.