Марал Радиосу

«Тергөө судьясы» институту түзүлөт

2019-жылдын 1-январынан тарта жаӊыдан кабыл алынган Кылмыш-процесстик кодекс ишке киришет. Ошондон улам, «тергөө судьясы» институтун киргизүү максатында, жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Сот департаментинин башчысы Рустам Ибраимовдун айтымында, тергөө судьясы кылмышка шектелген же айыпталуучу жактын укуктары менен эркиндиктерин чектөө чараларын көрө турган, процесстик аракеттердин мыйзамдуулугуна, тергөөчү менен тергөө бөлүгүнүн жетекчисинин чечимдерине көзөмөл кыла турган судья болуп саналат.

«Тергөө судьясы» институту шаардык жана райондук сотторго гана киргизилет. Ал эми облустук жана райондор аралык соттор экинчи баскыч болгондуктан, өзалдынча кылмыш иштерин карабайт, биринчи баскычтын гана чечимдерин карайт.

Коушмчалай кетсек, тергөө судьясынын айылыгы 23 миӊ сом, жардамчысыныкы 10 миӊ сом, катчысыныкы 8 миӊ сом болору белгилүү болду.