Марал Радиосу

Каныбек Абдиев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткарат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу Каныбек Абдиевге жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Каныбек Абдиев буга чейин аталган министрликтин статс-катчысы кызматын аркалап келген.

Эскерте кетсек, мурда министрликти Таалайкүл Исакунова башкарган. Ал бир топ мыйзам бузууларга барган деген нааразылыктардан улам кызматтан алынган.