Марал Радиосу

Бакытбек Секимов маданият министринин милдетин аткарат

Бакытбек Секимовго Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу милдети жүктөлдү.  Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бакытбек Секимов 2016-жылдын февралынан бери аталган министрликтин статс-катчысы кызматын аркалап келген.

Буга чейинки министр Султанбек Жумагулов 8-октябрга караган түнү оорудан улам каза болгон.