Марал Радиосу

Парламент Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин кароодо

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.

Абылгазиев эмне себептен Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин тандаганынын себебин түшүндүрүп, ал жөнүндө Япония парламентинде жакшы пикирлер айтылганын белгиледи. Ошондой эле жаштыгына карабай дипломаттар арасында аброю бар экенин айтты.

Эске салсак, буга чейинки Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өз арызынын негизинде иштен бошотулган.