Марал Радиосу

Кыргызстанда судьялардын саны аз

жогорку сот

Кыргызстанда 60 судья жетишпейт. Бул тууралуу парламент жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.

Анын айтымында, Ош, Бишкек шаарлары жана Чүй облустарында судьялар 20 ишти кароонун ордуна 80ге жакын ишти кароого мажбур болушууда.

Мындан тышкары, судьялардын айлык акысын көтөрүү маселеси козголуп, иш убактысынан тышкары иштеген судьяларга кошумча акы төлөө керектиги айтылды.