Марал Радиосу

Судьялар канча айлык алары айтылды

жогорку сот

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында судьялар, алардын жардамчылары, кеңешчилери жана катчыларынын айлык акысы тууралуу Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин директору Рустам Ибраимовго суроо узатты.

Ибраимовдун айтымында, тергөөчү соттун айлыгы 23 миң сом, анын жардамчысы жана консультанты  10 миң сом, катчылары 8 миң сомдон айлык алат.

Депутат соттордун айлык акысын көтөрбөй туруп, реформа жасоо мүмкүн эместигин, бул чечим чыгарууда таасир этерин айтты.