-Жетим, сен дале өлбөй жүрөсүӊбү?-деди Текеш. «Жетим» деген сөздү жек көрүп чоӊоюп бараткан жетим бала үчүн бул сөз жүрөктү тилип өтүп, жүлүндү аралап, жөн эле аралабай бүткөн бойду куйкалап кетерин ал неме кайдан билсин. Баламын да, ошол сөзгө ызааланып калган жаным кийин ал кишиден ала албаган өчүмдү анын уюн сабап чыгарганым эсимде. Уюнун мүйүзүн сындырганым жөнүндө да жазгам «Агындыларда» ,- деп агынан жарыла сүйлөп олтурду акын Шайлообек Дүйшеев. Бүгүн жетимдер көп. Кызыгы, бул доордо жетимдер көп топко бөлүнүп калды. Мурун жетим десе, атасы, апасы жок баланы айта турган. Азыр атасы да, апасы да бар туруп жетимдей жашоо кечирген көчөт- наристелердин тагдыры бар бизде. Ушундан улам мен автор катары мындай бир суроо таштагым келет ортого. Сиздер алыстасыздар, балдарыӊыздарга жакшы кийим, жакшы тамак деп жан үрөп жүргөнүӊөр ырас. Кызыгы, силер салган акча балдарыӊардын үстүн, курсагын гана жылытат, бирок алардын жан дүйнөсүн тойгузар мээримди ким толтурат, ошону ойлодуӊуздарбы?
Бул темага бүгүнкү каарманыбыз болгон акын Шайлообек Дүйшеев «Агындылар» китебинде көп кайрылат. «Мен 3 жашымда атамдан ажырадым. Апам башка күйөөгө чыгып кетип, мен чоӊ энемдин колунда калдым. Эми эс тартып калган 12 жаш курагымда ажал чоӊ энемди алып кетип, мен томолой жетимге айландым. Менин бала, баёо дүйнөм ал сөздү кабыл кылбаганы менен айылдаштарым мени «томолой жетим» деп аташты. Турмуш да, адамдар да жетимге ар дайым эле жылуу карай бербеси ырас. Мен бул сөздү жек көрүп чоӊойдум дегенимдин көп себеби бар. Азыр өзүмдүн балдарым, неберелерим бул өксүктү сезбесе, туйбаса экен деп алдастайм. Ооба, жетим жетилет, бирок бала күндөгү жетимдик өксүк азыр ак сакал болгон курагымда да мени менен бирге жүргөнүн жашырбайм». Автордун ар бир сөзү ойго салып, силкинтип турду мени. Анан мен адам баласы аз тамакка курсагы тоюп, аз кийимге каниет кылганы менен өмүр бою көп жакшы сөз, көп жакшы көӊүлгө куштар болуп жашайт экен го,- деп ой жоорудум. Алдыбыздан чыккан кичинекей жетимдин кичинекей жүрөгү да эртеӊ чоӊоёрун унутпагай элек…
Маек арасы, -Кечээги жетим сары бала, бүгүн кандай карыя болду,- деп собол таштадым акынга. -Бактылуу абышка да,- деди адаттагысындай ийинин куушура, жылмайган акын. Мени акындын бул ишенимдүү чыккан үнү чындап кубантты. Биз олтуруп алып агайдын сыйлыктарын санадык. «2005- жылы Кыргыз Эл акыны, 2006-жылы Б. Сарногоев атындагы адабий сыйлык, 2010- жылы 3- даражадагы Манас ордени, 2011-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, 2015- жылы 2- даражадагы Манас ордени, 2016- жылы КМШ мамлекеттеринин парламенттер ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы Эл аралык адабий сыйлыгын алдым. Ай, мага баарын эле берип салышты, бала күндө жетимдиктин ызаасын тарттырып, момпосуюмду колумдан жулуп алгандай томсорткону менен, эми болду бечарага берели деди го Кудай деле», — деди акын тамаша-чын аралаш. Балалыгы бардаштуу өтүп, карылыкка баш баккан кезде ээнсиреп төрт дубал тиктеп олтурган «жетим» карыялардын тагдырын кыргыз коому көп эле кездештирди. Ушундан улам жолдун кандай башталганы эмес, кандай бүтөрү маанилүү экенин кошумчалагым келет. Өмүр – жол эмей эмне? Мына ушул маек, мени көп ойлорго жетеледи. Акындын ар бир сөзү «жетим жетилет» деген макалды дагы тастыктагандай туюлуп, анын артынан «Саргара жортсоӊ, кызара бөртөсүӊ», деген макал куйрук улаш келип, анан «Кудай деген кур калбайт» деген акындын топуктуулугу, сабыры, кадыреселиги, айылдан эчак чыгып кеткен Дүйшеевдин ичинен айыл эч качан чыкпас болуп уялап, айылдыктардын жандуулугу, тарбиясы ар бир кыймылынан көрүнүп турган жөнөкөйлүгү каарманымдын эӊ башкы улуулугу экенин моюндап турдум мен.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» китебин окугандар китептин башынан баштап жетим сары баланы жетелеген Канымгүл чоӊ эне менен тааныш. Ал апанын жогорку тургай орто билими бар экенин Кудай билет. Бирок тулкусуна кыргыз аялынын сабыры менен даанышмандыгын сиӊирген эне жетимди жетилтет. Башканы айтпаганда, бул мисал мени кадимкидей уялтты. -Бар салам айт, -дечү чоӊ энем жолдон жолуккандын баарына. -Тааныбасам деле салам айта беремби?- деп бурк этер элем. “Алдыӊа кетип калайын, тааныбасаӊ да улууларга салам айт. Ал сенин тарбияӊды, ата баласы экениӊди көрсөтөт,- деп айтчу эле чоӊ энем.» Ал эми бул доор саламсыз калып баратат. Биз бири-бирибизден салам аяган жаӊы кыргыздарбыз. Тааныбаган адамдарга тургай, тааныган улууларга салам айтууну балдарыбызга үйрөтө албай калдык. Ал эми биз этибарга албаган айыл жашоосу, айылдагы жөнөкөй энелер кыргыз тарбиясынын жазылгыс мыйзамдары менен жашашат. Биз тарбияны башка элдердин жашоосунан издөө менен алекпиз.
Жазгүл Жамангулова