Биз менен байланышыңыз

Трамп саудиялык журналисттин өлүмү жөнүндө оюн билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Саудиянын падышасы Салман бин Абдулазиз менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашокжининин окуясы тууралуу оюн билдирди.

Трамп журналисттин жоголуусуна көпчүлүк Сауд бийлигинен шектенип жаткан чакта, Саудия мунун артында турган болсо катуу жаза аларын эскеткен. Бирок аравиялыктар өздөрүнө тагылган айыптын баарын кескин түрдө четке какты.

Ал арада Американын баш катчысы Майк Помпео Саудияга учуп барды. Бирок АКШ тарап Саудиядан шектенүү үчүн бир шылтоо таба алышкан жок. Президент Трамп падыша Салмандын айыптоолорду четке какканын айтып, ага ишенбөөгө себеп жоктугун билдирди.

Эскерте кетсек, The Washington Post гезитинин блогер-журналисти саудиялык качкын Жамал Хашокжи 2-октябрь күнү Стамбул шаарындагы Сауд Аравиясынын элчилигине кирген бойдон чыккан эмес. Ошондон бери анын дайыны билинбей келүүдө. Окуяны төрт күдөн соң гана иликтөөгө алган түрк полициясы кылмышка Сауд элчилигин күнөөлөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM