Марал Радиосу

Кытайдан 5 миң кг баштык мыйзамсыз алып келинген

Кыргызстандын бажычылары Кытайдан 5219 кг салмактагы баштыктар мыйзамсыз алып келингенин аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматында, баштыктар “Л” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан алып келинген. Баасы 1 млн 274 миң сомдон ашык болгон.

Бул товарга болгон бажы төлөмү 370 миңден ашык сомду түзмөк. Тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.