Марал Радиосу

Быйыл чек арада 10 жаңжал катталган

Жыл башынан бери 10 чек ара жаңжалы катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 7, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде 3 окуя катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине азыраак.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек араны бузган 149, мамлекеттик чек ара режимин бузган 257, чек ара режимин бузган 28 адам кармалган.