Марал Радиосу

Тажикстан: Бажы кызматынын маалымат катчысы каза болду

Тажикстандын Бажы кызматынын маалымат кызматынын башчысы Фахриддин Собиров ооруканада көз жумду. Ал эсин жоготкон абалда 13-октябрда Улуттук медициналык борборго жаткырылган эле.

Буга чейин Душанбенин ички иштер башкармалыгы маалымат катчыга карата басым болгону тууралуу маалыматты четке каккан. Ал жогорку кан басымы үчүн эсин жоготкону кабарланган. Бирок анын жакындары ал ур-токмокко алынганын айтышууда.  Дарыгерлер дагы маалымат катчы башынан оор предмет аркылуу жаракат алганын айтышууда.

Фахриддин Собиров Тажикстандын Бажы кызматынын маалымат катчылыгынын башына бир апта мурун дайындалган.

Эске салсак, 2013-жылы дагы бир маалымат катчы белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн.

Exit mobile version