Марал Радиосу

Жогорку Кеңеште инвестиция тартуу маселеси каралат

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы бизнести өнүктүрүү жана ишкерлик кеңешинин отуруму өтөт. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Ага Жогорку Кеңештеги комитеттер, фракция мүчөлөрү, тийиштүү мекемелердин жетекчилери, бизнес ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Отурумда Экономика министри Олег Панкратовдун регулятивдик реформа боюнча баяндамасы угулат. Ошондой эле бул багытта доклад жасалат.

Мындан тышкары, эркин экономикалык аймактардын көйгөйлөрү, инвестор тартуу маселеси көтөрүлөт.  Жыйындын соңунда сунуштамалар кабыл алынат.