Марал Радиосу

Бишкектин бир катар аймагына ичүүчү суу берилбейт

Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарынын бир катар аймагында ичүүчү сууну берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

Оңдоо иштерине байланыштуу:

-Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө;

-Ала-Арча районунда, Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик, Саламалик жаңы конуштарында;

-№18, 33, 35 мектептеринде, №12 бала бакчасында;

-Чүй автобекеттер жана автостанциялар биримдигинде;

-Улуттук гвардиянын башкы штабында;

-шаардык кургак учук ооруканасына ичүүчү суу берилбейт.