Марал Радиосу

Жыл башынан бери 100дөн ашык өспүрүм каттоого алынды

Жыл башынан бери Бишкек шаарында 195 өспүрүм кармалган, алардын 25и иштей турганы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалыматында айтылат.

Комиссиянын чечиминин негизинде 60 бала, 17 үй-бүлө өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна киргизилди. Ошондой эле 11 өспүрүм мектептин каттоосуна алынды.

Жыл ичинде 19 жолу рейд жүргүзүлүп, 135 балага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында Өзбекстандын 3 жараны, Тажикстандын 1 жараны жана 10 кыргызстандык бала кайырчылык менен менен алектенери аныкталган.