Марал Радиосу

Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

«Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал социалдык баракчасында президенттик шайлоонун өткөнүнө бир жыл толгону менен элди  куттуктап, мамлекет башчы экинчи шайлоонун негизинде алмашканын, бул өлкөдө демократияны түптөөгө салым кошконун билдирген.

Ошондой эле шайлоо өнөктүгү учурунда өзүн колдогон шайлоочуларына ыраазычылык айткан.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 15-октябрында өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, анда Сооронбай Жээнбеков жеңишке жеткен. Бул датага байланыштуу Социал демократтар партиясынын мурунку төрага орун басары Фарид Ниязов дагы азыркы президентти куттуктап, ал КСДП сүрөгөн талапкер болгонун эске салган.