Марал Радиосу

Окуучулардын мушташынан соң № 47 мектептин директору кызматынан бошотулду

Бишкектеги №47-мектебинин директору кызматтан алынды. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, айрым мамлекеттик кызматкерлерге вице-мэр Асел Куламбаевага, билим берүү башкармалыгыны жетекчиси Сауле Мейрмановага карата да тийиштүү чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, аталган мектептеги 9-класстын эки окуучусу 8-класстын окуучусун коркутуп акча талап кылып, аны ур-токмокко алышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.