Марал Радиосу

Жапаров: Менин үй-бүлөм бай

Парламентте мушташ-талаш жок. Депуттар бири-биринин пикирин сыйлаганга көндү. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда эл өкүлдөрү партиялар боюнча бөлүнсө, азыр жалпы парламент менен иштеп, элге жакшы пикир калтырып кетүүгө аракет кылууда.

«Айдоочусуз жүрөбүз. Жардамчылардан да баш тарттык. Ал эми мен жеке каражатыма айдоочу жалдап жүрөм. Менин үй-бүлөм өзү бай. Келинчегим чет мамлекеттен таттууларды алып келип сатат. Азыр 90 млн сомдук салык төлөйт. Байлардын катарына кирем деп айта албайм.»Smart Hotel», «Дамаск» мейманканалары меники эмес», — дейт Жапаров.

Жапаров өкмөткө чакырышса, иштеп берүүгө даяр экенин, азыр да жардам берип жатканын айтат.

» Биз 330 миң кишини багабыз деп убарабыз. Ушундай системаны токтотууга бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону талант менен мүмүнчүлүктөр кесилишпей жатат. Кесилишсе жакшы болмок. Кайсы жерге чакырса дагы пикиримди айтып, сунушумду берип жүрөм», — дейт эл өкүлү.