Марал Радиосу

Германиядагы кыргызстандыктар жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Берлин шаарында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Элчи Эринес Оторбаев мындай иш-чаралар учурунда Германиянын алыскы шаарларында жашап Берлинге келе албаган кыргыз жарандары консулдук-укуктук тармагында кошумча консультацияларды ала алышарын белгилейт.

Иш-чарада концерттик программа уюштурулуп, улуттук тамак-аштар берилди.