Марал Радиосу

Айыл чарбасын каржылоого дагы 22 млн евро насыя алынат

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга айыл чарбасын каржылоого 39 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында,  39 млн евронун 17 млн евросу грант, калганы насыя болуп эсептелет. Ал 12 жылга 0,5 пайыз менен берилүүдө. Бул сумманын эсебинен 9 млн евро 2 жылдан бери пайдаланылып, анын ичинен 3,5 млн евро дыйкандарга берилген. Калган сумма банкта экенин министр кошумчалайт.

Exit mobile version