Марал Радиосу

Бишкектеги Садырбаев көчөсү колдонууга берилди

Бишкектеги Садырбаев көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Садырбаев көчөсүнүн 4,2 чакырымы оңдолду. Гагарин менен Лев Толстой жана Семетей менен Масалиев көчөлөрүндө жаңы бордюрлар орнотулуп, жол катмары жаңыланды.

Мындан тышкары, Токтоналиев көчөсүнүн 700 метр бөлүгү да оңдоодон кийин колдонууга берилди. Анда жол тилкеси 4 тилкеге бөлүнүп, тротуар жана арыктар да орнотулду.