Бишкекте 20-октябрда “Кандай көрүнсөң, ошондой бойдон кал, сен сулуусуң” аталыштагы үчүнчү мода көргөзмөсү болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.
Ага модель болуп Даун синдрому менен жабыркап келген жаш балдар жана чоң кишилер катышат. Иш-чарада борбордогу алдыңкы дүкөндөрдүн жана дизайнерлердин кийимдери көрсөтүлүп, аукцион да болору күтүлөт.
Мода көргөзмөсү “Хаят” мейманканасында саат 16:00до башталат.