Марал Радиосу

Кыргызстандык балбан Орусиядагы турнирде 3-орунду ээледи

Кыргызстандык балбан Икромжон Хажимуродов эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде 3-орунду алды. Бул тууралуу Орусиянын спорт күрөшү боюнча федерациясы кабарлады.

Вице-президент Владимир Семеновдун “Югра кубогу” үчүн турнирде Икромжон Хажимуродов 3-орунга татыды. Ал 61 кг салмакка чейинки категория боюнча чейрек финалда Артем Гебеков (РФ), Руслан Гасимов (Азербайжан) менен күрөшкөн. Натыйжада коло медалдын ээси болгон.

Белгилей кетсек, турнирге Кыргызстандан 6 балбан барган. Алар тайпалык эсепте 8-орунду ээледи. Ага 15 мамлекеттен, жалпысынан 130 спортчу катышты. Медалдар он салмактык категория боюнча ойнотулган.