Марал Радиосу

Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү футбол ойношту

Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү кичи футбол боюнча мелдешти. Анда экиден команда катышып, 20 мүнөттөн таймашышты.

Өкмөт мүчөлөрүнөн куралган  биринчи команда 1-орунду багындырып алтын медаль жана кубок менен сыйланса, эл өкүлдөрүнун командалары 2-­3-орунду ээлеп, күмүш жана коло байгенин ээси болушту.

Ал эми төртүнчү орунду ээлеген министрлер кабинетинин экинчи командасынын оюнчулары атайын сертификат менен сыйланышты.