Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрүшү күтүлөт

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

16-17-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2°үшүк, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.