Марал Радиосу

Муфтий Москвадагы кыргыз мигранттары менен жолукту

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы борбордук мечитте Орусияда эмектенип жүргөн кыргыз мигранттары менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Анда Токтомушев үй-бүлөнү сактоо, адал ырыскы, берекелүү жашоо, ынтымактуулук, эне тили жана балдардын тарбиясы, экстремизмге каршы күрөшүү, Ханафий мазхабын терең үйрөнүү, мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча маалыматтарды берди.

Аны менен катар Кыргызстан мекендештердин суроолоруна жооп берди.