Марал Радиосу

Бүгүн Каныбек Осмоналиевдин иши каралат

Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин иши каралат. 12-октябрда өткөн соттук отурумда прокурор экс-депутат Каныбек Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Осмоналиев Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.