Марал Радиосу

Кыргызстандын Беларусияга болгон экспорту өстү

Беларусиянын улуттук статистикалык комитети акыркы 8 айдагы экспорт жана импорт боюнча маалыматын жарыялады. Ага ылайык, Аталган өлкө Кыргызстанга 59,4 млн долларлык экспорт кылган. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 64,5 млн долларга аз.

Ал эми Кыргызстанда Беларусияга болгон экспорт 20,4 пайызга көбөйгөнү айтылат. Тагыраагы, өткөн жылы 3,8 млн болсо, быйыл 4,6 млнго жеткен.
Беларусиянын Кыргызстанга трактор экспорттоосу 67,5%, эмеректер 38,2%, дары-дармек-115,6%, эт-41%га өскөн. Ал эми сүт 6,6%га, сыр жана быштак 2,4%га, кумшекер 69%га азайган.