Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгарган ишкана ачуу сунушталды

Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 787 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде “Курулуш материалдарын алып сатуу бизнесиндеги мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Ага курулуш менен алектенген орусиялык жана кыргызстандык компаниялар катышты.

Элчиликтен кабарлашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстанга курулуш материалдарын чыгарган биргелешкен ишкана ачуу сунушталды. Ошондой эле бул тармактагы көйгөйлөр, соодалашууну жакшыртуу тууралуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле сатып алуучуларга карата ыңгайлуу бааны түзүү боюнча да сөз болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM