Марал Радиосу

Мектеп окуучусунун сабалгандыгы тууралуу факты боюнча кылмыш иши козголду

Мектеп окуучусунун чоң класстын окуучулары тарабынан сабалгандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Бишкек ШИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши эки берене “Бейбаштык” жана акча тоноо боюнча козголду.  Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, кечээ, 12-октябрда Бишкек шаарындагы №47-мектептин 9-классынын эки окуучусу 8-класстын баласын сабагандыгы боюнча маалымат тараган.