Бишкек, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым райондорунда жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында маалыматты “Газпром Кыргызстан” таратты.
Маалыматка ылайык, газды берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат;
13-октябрда Майлуу-Суу шаарында Островский көчөсүндө;
15-октябрда Кара-Сууда Ленин, Нурахун, Телман, Навои, Таширов көчөлөрүндө;
15-19-октябрга чейин Коллективный, Колхозный, Кыргыз, Логвиненко, Биринчи май, Аламедин дарыясын бойлой, төмөнкү Ала-Арчада өчүрүлөт.