Марал Радиосу

Элчи Кылычбек Султан отставкага кетти

Кылычбек Султан Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарымдуу укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мурда ал дипломатиялык кызматын Малайзия мамлекетинде аткарган.

Кылычбек Султан фейсбуктагы баракчасына чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылганын жана учурдагы бийликти тааныбай турганын да жазды.

Эскерте кетсек, 11-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын президентке тапшырган болчу.