Марал Радиосу

УКМК бирдиктүү депозиттик эсепке 4,1 млн сом которду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 11-октябрда Бирдиктүү депозиттик эсепке 4,1 миллион сом которду. Мындай маалыматты УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган эсеп ачылгандан бери УКМКнын которгон жалпы каражаты 157 миллион 753 миң 802 сомду түздү.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Каржы министрлигинин карамагында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.