Марал Радиосу

Каракол шаарынын мэри шайланды

Караколдо шаарынын мэри болуп  Адыл Каниметов шайланды. Добуш берүүгө шаардык кеңештин 29 депутаты катышты. Каниметов 18 добуш алса, экинчи талапкер болгон шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов 11 добушка ээ болду.

Шаар мэрин шайлоодо 31 депутаттан 29у добуш берди.

Адыл Каниметов 2016-жылдан бери Каракол шаарынын мэринин 1-орун басары болуп келген. Ал-Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жанкороз Каниметовдун уулу.