Марал Радиосу

Айдоочуларга эскертүү: жолдор тайгак болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда аба ырайынын кескин сууп кетиши күтүлөт. Ошого байланыштуу Чүй облусунун жоп коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга эскертүү жасады.

Төө ашуу жана Боом жолдорунда унаалардын аралыгын сактап, белгиленген ылдамдыктан ашпоону өтүнгөн.

Ошондой эле алыскы сапарга чыгарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга убактылуу алмаштырып турууну да сунуштаган.