Марал Радиосу

Москвада туристтерди сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулуна соттук өкүм чыкты

Жайында Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокустан сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулуна карата Тверск соту өкүм чыгарды. Мындай маалыматты «Замандаш” партиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаранды Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка тартуу менен айлык маянасынан 15%ын кармай турган болуп, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты.

Эске салсак, 16-июнда Москва шаарында футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан учурда такси жолдон чыгып, тротуарда кетип бара жаткан кишилерди кокустан сүзүп алган. Рулда кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу болгон.