Марал Радиосу

Өнөктөш өлкөлөр билим берүүдөгү тажырыйбасын бөлүшүүдө

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү системасындагы кызматкерлеринин 5-съезди өтүп жатат. Ага 400дөн ашык агартуучу катышып, ар кайсы тармакка бөлүнүп, билим берүү тармагындагы жаңы ыкмалар, көйгөйлөр жана өнүгүүнүн  жолдорун талкуулашат. Съезд эки күнгө созулуп, “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу-мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү” деген теманын алкагында уланат.

Азыркы күндө дүйнөдө баардыгы өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Билим берүүгө талап дагы катуу коюлууда. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин 5-съездинде айтты. «Бир кезде бир билим берүү системасынын өкүлдөрү болгон өлкөлөр, бүгүнкү күндө замандын агымы менен өнүгүүнун жаңы жолдорун издеп жатканда, КМШ өлкөлөрүнүн жалпы билим берүү мейкиндиги болсо, бирге өнүгүүгө жардам берет»,- деди президент.

Билим берүү-биздин өлкөлөрдүн келечегин аныктай турган негизги, эң олуттуу маселелердин бири. Глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере алат. Мындай шарттарда мугалимдердин мааниси жыл санап өсө берет. «Педагог» деген сөз грек тилинен «баланы жетелеген» деп которулат. Балдарга жаңы дүйнөнүн эшигин ачкан адам. Жол баштоочу. Ал педагогдун кесибиндеги өзгөртүүлөргө, жаңы талаптарга даяр болууга тийиш.

Мугалимдердин V съездин  Кыргызстанда өткөрүү чечими 2016-жылы Москва шаарында өткөн иш-чарада белгилүү болгон.  Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, ага бүгүнкү күндө 400дөн ашык киши катышып жатат. Армения, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген делегаттар өздөрүнүн билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер боюнча бөлүшөт.

Негизинен бирдей көйгөлөр, бирдей багыттар десек болот. Бирок ар бир өлкөнүн өзүнө жараша өзгөчөлүгү бар. Ошондой эле билим берүү системасында. Билесиңерби, мезгил улам өзгөрүп жатат. Ошондуктан мезгил жаңы талаптарды коюуда. Бул багытта кызматташуу керек.

Маселен, Армениядан келген мугалимдер тобу мектептен тышкары билим берүүдө жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт. Армениядан келген Карине Нерисян:» Бүгүнкү күндө Арменияда балдар мектептен тышкары IT тармагы боюнча билим алып, келечектин эң оптималдуу болгон жөндөмүн да өздөштүрүп жатышат»,- дейт.

Бизде ТУМО деп аталган мектептер бар. Алар акысыз билим беришет. Балдарга мектептен кийин жаңы технология боюнча сабак алышып, робот жасоо, IT тармагында үйрөнүшөт. Бул багытта ар кайсы өлкөлөрдөн келип тажрыйба алып жүрүшөт.

Ал эми Түркмөнстандан келген өкүл Сапармамат Кадыров бүгүнкү күндө Түркмөнстан суроо-талапка жараша адистерди даярдоо үчүн жогорку окуу жайларды ачыгууга приоритет койгонун белгилейт. Анын айтымында, Түркмөнстанда бүгүнкү күндө дээрлик жыл сайын жаңы окуу жай ачылып жатат. Өзгөчө инженерия, технология, коммуналдык чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейт.

-Биздин өкмөт өлкөдөгү адистердин суроо-талабына жараша даярдоону колго алган. Маселен, бизде акыркы мезгилде жыл сайын адистиктер боюнча жогорку окуу жайлар ачылып жатат. Мисалы, Огуз Хан атындагы жаңы университет ачылды, өткөн жылы коммуналдык чарба боюнча институт ачылды. Анткени өлкөдө ушул багытта адистер жетишпей жаткан.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова азыркы күндө КМШ өлкөлөрүндө да система чар жайыт болуп, ар бир өлкө өзүнүн өнүгүү жолун издеп жатканын белгилеп, мунун ичинен Кыргызстан да өзүнө ылайыктуу жолду тандап алышы керек,- дейт.

Азыр КМШ өлкөлөрүндө билим берүү системасы чаржайыт болуп жатат. Мисалы Казакстанда 2020-жылы билим берүүнү 12 жылга,англис тилине өткөрөбүз десе, башкалар бакалаврга, айрымда адистештирилген билим берүүгө өттү. Биз ошолорду карап, КМШ өлкөрлөрүнүн ичинде Кыргызстандын билим берүү системасы кандай орун алышы керектигин байкаш керек.

Иш-чаранын алкагында 20дай мугалим “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Съезддин жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынат.

Exit mobile version