Марал Радиосу

Кыргыз жана тажик жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү узартылат

Кыргызстан менен Тажикистан жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү 60 күнгө чейин узартылат. Буга тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште   3-окууда каралды. Соңунда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында катталуу мөөнөтүн  узартуу боюнча  эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн  ортосунда макулдашууга кол коюлган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азиядагы 5 өлкөнүн эң кичинекейлери болуп эсептелишет. Эки өлкөнүн калкы Борбор Азиянын калкынын жалпы санын 20% гана түзөт.