Марал Радиосу

Талантбек Исаев мурда иштеп кеткен кызматына кайра дайындалды

Генерал Талантбек Исаев мурда иштеп кеткен кызматына кайра дайындалды. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 11-октябрда Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылык кызматына дайындалган.

Кошумчалай кетсек, Талантбек Исаев — Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы. Канат Исаев «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген шек менен камакка алынганда, агасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын арызын ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган. Учурда Канат Исаев үй камагында.