Марал Радиосу

Молдокматов: Өкмөт башчы эл өкүлдөрүн угуп, өзүнүн адамын кызматка коёт

Улуттук кадр резерви боюнча тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл. Бирок ал өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу оор. Себеби премьер-министр Мамлекеттик кадр кызматын укпайт. Мындай пикирин “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы Жогорку Кеңештин депутаттарын угуп, өзүнүн адамын кызматка коёт.

«Учурда Экономика министрлигине футболчуну жетекчи кылып койсо да боло берет. Себеби фракциялар кызмат орундарын бөлүштүрүп алган. Ошондуктан Мамлекеттик кадр кызматына толук ыйгарым укук бериш керек. Аны президент өзү көзөмөлдөшү зарыл. Болбосо өкмөт башчы менен Жогорку Кеңеш аталган кызматты иштетпей жатат», — дейт Молдокматов.

Ал белгилегендей, кадр саясатын жүргүзүү үчүн туруктуу система болушу керек. Кызматкерлерди тандоо боюнча конкурс онлайн өтсө, эл күбө болот. Натыйжада, татыктуу кызматкерлер тандалат.

«Бирдиктүү система болуп, адамдык ресурс катышпаса, чыныгы кадрлар өсүп чыгат», — дейт Молдокматов.