Марал Радиосу

 Инвесторлор Орусиядан капиталын чыгарып кетишүүдө

Foto: Irina Ovchinnikova

Орусиядан капиталын чыгарып кетип жаткан инвесторлор көбөйдү. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Борбордук банкынын маалыматына таянып жазып чыкты.

2018-жылдын 9 айында өлкөдөн чыгарылган накталай капиталдын өлчөмү 32 милиард долларга жетти. Бул өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 2, 3 эсеге көп.

Борбордук банк жылдын биринчи жарымындагы капиталдын чыгуулары өскөнүн билдирген болчу. 2017-жылы жалпысынан 28 милиард доллар чыгарылып, бул 2016-жылдагыдан 3,4 эсеге көп.

Эксперттер мунун себебин Орусиянын эл аралык аренада ар түрдүү санкциялардын курчоосунда калып, экономикалык кризистен арылбай жатышы менен түшүндүрүшүүдө.